00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как учат ИИ говорить по-кыргызски и зачем стране свой «Айран»
12:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
97% школьников с кариесом: как будет работать новая система осмотров
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мелания эмнеге нааразы? Дональд Трамптын аялынан кагуу жеген 9 учуру

© REUTERS / Carlos BarriaПрезидент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп
Президент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президентинин алгачкы эл аралык иш сапары оңтойсуз жагдайлар менен коштолуп, элдин эсинде калды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын биринчи эл аралык иш сапары дүйнө коомчулугунун эсинде өлкө башчынын бир нече жолу ыңгайсыз абалга туш болушу менен калды. Бул тууралуу британиялык Telegraph агенттиги жазды. 

Ушу тапта көпчүлүк басылмалардын биринчи беттеринде АКШнын биринчи айымы эл алдында жолдошунун шагын сындырып, колун карматпай койгондугу боюнча жаңылыктар байма-бай чыгып жатат. 

Трамптын Израилге болгон расмий иш сапары учурунда өлкө башчысы аялына колун көпкө чейин сунган. Алгач Мелания аны көрмөксөн болуп, кийин күйөөсүнүн колун түртүп салган. Ыңгайсыз абалда калган Трамп галстугун оңдоп кирген.

Экинчи окуя Трамп Римге келип конуп, учактан түшүп бара жатканда болгон. Видеодо көрүнгөндөй учактан жаңы эле чыккан Дональд Трамп Меланияны колунан кармайын дегенде жубайы колун тартып алып, чачын түздөмүш болгон.

The Telegraph агенттиги Трамптардын ыңгайсыз абалда калган окуяларын тизмектеп чыкты. Алардын экөө жогоруда көрсөтүлдү.

Алгачкы жана чоң талкуу жараткан окуя жаңы президент менен канайымдын инаугурация маалында Барак Обаманын үй-бүлөсү менен кезиккен учурунда болгон. Эреже боюнча Ак үйгө жубайы менен чогуу кире турган Дональд Трапм Меланияны унутуп коюп эле өзү алдыга кетип калган. Жыйынтыгында биринчи айым унаадан өз алдынча чыгып, резиденцияга жалгыз басып барууга мажбур болгон.

​Биринчи айымдын ошол эле инаугурация күнүндөгү жүзүндөгү эмоциясы элдин эсинде көпкө чейин калмай болду. Анда Мелания жолдошу караган маалда жылмайып туруп, ал жүзүн бураары менен кабагын бүркөгөн. #FreeMelania жана #SadMelania хештегдери менен көңүлү суз Мелания Трамптын сүрөттөрү интернетти каптап кеткен. Меланиянын ошондогу жоругу ушул убакка чейин табышмак бойдон калууда. 

​Журналисттердин көңүлүн Трамптын президенттик милдетине расмий киришкендеги сөзүнөн кийинки окуя дагы бурган. Анда кадрга жубайлардын бири-бирин өөп жаткандай түр көрсөткөн кыймылдары түшүп калган.

Меланиянын жолдошунун колун силкип салганы президент өз милдетин аткаруу үчүн Вашингтон шаарына келгенде дагы кайталанган.

​Кайсы бир майрамда өлкөнүн гимни аткарылып жатканда, президент колун жүрөгүнө коюуну унутуп койгон. Ошол маалда жубайы күйөөсүнүн колун силкип,эрежелерди эсине салган.

​Акырында дагы бир кызыктуу жагдай — соцтармактардын колдонуучулары АКШнын мурдагы президенти менен азыркысынын үй-бүлөлөрүн салыштырып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0