БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Актер жана Калифорния штатынын мурдагы губернатору Арнольд Шварценеггер "Терминатор" тасмасынын алтынчы бөлүгүнө тартыла турганын ырастады. Бул тууралуу Mirror гезити жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда 69 жаштагы Шварценеггер режиссер Жеймс Кэмерон менен жолугуп, тасманын уландысын тартуу боюнча сунушту талкуулаган.
"Фильм кайрадан экранга чыгат. Ага мен тартылганы жатам. Кэмерондун жакшы идеялары бар экен", — деп актер Канн кинофестивалында билдирген.
Австриядан чыккан актер "I will be back" (Мен кайра кайтып келем) деген фразасы менен таанымал болгон.
Тасманын акыркы бөлүгү 2015-жылы чыгарылган.