БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Борбор калаада бухгалтердик эсеп, экономикалык анализ жана аудит боюнча ЖОЖдор арасында республикалык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, иш-чара Адеп, ыйман жана маданият жылына карата белгиленет.
"Олимпиада студенттердин профессионалдык билимин тереңдетип Кыргызстандагы жогорку окуу жай студенттеринин жана мугалимдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулмакчы", — деп жазылат маалыматта.
Мелдеш 20-май күнү эртең мененки саат 9:00дө Бишкек шаарында Белорусская 6а көчөсүндө башталат.