Венада жашаган Айсулуу: тойдо устукан тартсак австриялыктар таң калды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүВена шаары. Архив
Вена шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айсулуу Мусуралиеванын Европага кеткенине 10 жылдын жүзү болду. Ал эми Австриянын борбору Вена шаарын байырлаганына 9 жыл толгон. Учурда 1,5 жаштагы баласын тарбиялап үйдө экенин маек учурунда белгилеп өттү.

Бишкек шаарында төрөлүп өскөн Айсулуу алгач Германияга атайын программа менен кетип, учурда IT тармагы боюнча билимин тереңдетип жатат. Жолдошу менен Австриянын борбору Вена шаарында Нооруз майрамын белгилөө учурунда таанышкан. Айсулуунун айтымында, күйөөсү менен Бишкек шаарындагы бир эле мектепте окуп, жигит мектепти эрте бүтүп кеткен. Үй ээси Венадагы кондитердик фирмалардын биринде иштейт. Ортосундагы эки баланын улуусу алты жашта, кийинки жылы мектепке барат.

© Фото / из семейного архива Айсулуу МусуралиевойАйсулуу Мусуралиева Европада 10 жылдан бери жашап келет
Кыргызстанка, живущая в Вене, Айсулуу Мусуралиева - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мусуралиева Европада 10 жылдан бери жашап келет

— Азыр кыргыздар байырлабаган жер аз. Андан да майрамдарды, той-топурларды өзүбүздүн каада менен өткөрүп, жергиликтүүлөрдү таң калтырганын интернеттен байма-бай окуп калабыз. Сиздерде деле ушундай көрүнүшпү?

Россиянын Омск шаарында ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз Жумабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын ИИМ академиясынын курсанты Жылдыз: 10 жылдан соң полковник болсом дейм
— Вена шаарында жашаган кыргыздар Кыргызстанда белгиленчү бардык күндөрдү майрамдайбыз. Ноорузду сөзсүз белгилейбиз, анан 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн, Орозо айт, Курман айттарды да чогуу тособуз. Чынында Нооруз майрамын абдан күтөбүз. 2014-жылы Нооруз майрамына карата жеке концерти менен Ырыскелди Осмонкулов келген. Ошол жылдан тартып кыргызстандык артисттер келип, биздин көңүлүбүздү ачып, майрамдык маанай тартуулап кетишет. Негизинен 21-мартты Австриядагы кыргызстандыктар менен чогуу белгилегенге аракет кылабыз. Бул жакта миңге жакын мекендешибиз бар. Oшондой майрамдын биринде мен болочок жолдошум, эки уулумдун атасы менен таанышкам. Андыктан Hоорузду белгилөө мен үчүн абдан маанилүү күндөрдүн бири.

— Эгемендүүлүк күнүнчү?

— Биз 31-авгуcт Эгемендүүлүк күнүн адатта дем алыш күнү сейил бакка чыгып, пикник жасап тособуз. Ал күнү кыргыздын жоолук таштамай, шакек салмай, ак терек көк терек, беш таш оюндарын ойноп, ыр-кесе уюштурулат. Андан сырткары, улуттук аспапта кол ойнотуп, күү дагы чертишет.

— Ал жакта дагы үйлөнүү той, бешикке салуу дегендей салттарды сактаганга аракет кыласыздарбы?

— Албетте. Жолдошум экөөбүз бир топ үйлөнүү, жентек тойлорго күбө болуп келебиз. Курбумдун үйлөнүү тоюнда австриялык музыканттар кыргыз ырларын ырдап баарыбызды таң калдырып, маанайыбызды көтөргөн. Бир жолку Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда кичине наристенин тушоосун да кесүүгө үлгүргөнбүз. Чет жакта болсок дагы элибиздин салт-санаасын сыймык менен сактап келебиз.

© Фото / Айсулуу МусуралиеваАвстриядагы бешик той
Австриядагы бешик той - Sputnik Кыргызстан
1/2
Австриядагы бешик той
© Фото / Айсулуу МусуралиеваТойго келгендерге жайылган дасторкон
Тойго келгендерге жайылган дасторкон - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тойго келгендерге жайылган дасторкон
1/2
Австриядагы бешик той
2/2
Тойго келгендерге жайылган дасторкон

— Австриялыктар таң калган учурлар болду беле?

— Уулубуздун бешик тоюнда ошондой учур болгон. Кыргыздарда сыйлуу конокторго устукан тартып, бешбармак берилет да. Эт тартылганда австриялык коноктор таң калышып, устукандарын алып кетпей калтырышкан. Алар ошол жерден кыргыздын салты менен таанышты. Баланы бешикке салуу биздин чет элдик коноктоpго гана эмес, Австрияда төрөлгөн кыргыз балдарга да өзгөчө сезим калтырган.

— Австрия менен Кыргызстандагы жашоонун кандай окшош жактары жана айырмачылыктары бар экен?

— Негизинен аба ырайы, тоолору жана жаратылышы окшош. Ошол эле учурда айырмачылыктары да өтө көп. Бир сөз менен айтканда бул жактын тургундары ишине так, чынчыл жана тыкан болушат экен. Элди социалдык жактан коргоо дагы жогорку деңгээлде, ошондой эле коомдук жайларда тартип күчтүү.

© Фото / из семейного архива Айсулуу МусуралиевойАйсулуу Мусуралиева үй-бүлөсү менен
Кыргызстанка, живущая в Вене, Айсулуу Мусуралиева - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мусуралиева үй-бүлөсү менен

— Австрияга келгениңизге канча болду?

— Мен Вена шаарына келип, жашап калганыма быйыл 9 жыл болду, ал эми Европага келгениме 10 жыл толуптур. Биз чет жакта жүрүп, анча көп болбосок да ынтымактуу, биримдиктүү болууга, өзүбүздүн каада-салтты унутпай кийинки муунга тапшырууга умтулабыз. Кайсы жерде болбойлу — Кыргызстан ар дайым жүрөгүбүздө.

Жаңылыктар түрмөгү
0