00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:56
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Шаманский рэп и сказки народов Сибири: певица Наталья Нелюбова о том, чем они полезны современному человеку
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Тукумсуздук көбөйдү — аял күнөөлүүбү же эркекпи?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новая эра трансплантологии: анализы для пересадки почки теперь делают в КР
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үй жаныбарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө алып кирүү эрежелери — эмнелерди билүү керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЖККУ саммити 2025: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү кандай жүрүүдө?
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
E-commerce EXPO 2025: электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү канча?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бизнес по-новому: какие налоговые изменения вступят в силу с 2026 года
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Согди элдеринин кызы менен түрк элдеринин уулунун ортосунда түзүлгөн нике келишими табылды. Биздин доордогу IV-V кылымдардагы Улуу Жибек жолунун түрк-согди элдеринин жашоосуна тийгизген таасири
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
E-commerce EXPO 2025: электрондук коммерциянын ички рыногунун көлөмү канча?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айыл өкмөтү: таңда көчкү катары менен эки ирет жүрүптүр... Эки күн мурда эскерттик эле

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход оползня в селе Аюу в Узгенского района
Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ мониторинг жүргүзүп, аталган айылда баш-аягы 69 үйдө жарака кеткен деп билдирип, анын 19ун коопсуз жайга көчүрдү. Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүндөгү Аюу-Сай айылында 248 үй-бүлө жашайт.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Аюу-Сайга эки күн мурда айыл башчы менен кыдырып, ӨКМдин эскертүүлөрүн айтып кеткенбиз. Ал эми бүгүн таңда минтип жер көчкү бир эмес, эки ирет жүрүп басып калыптыр. Окуя туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Аюу-Сай айылы караган Заргер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Мокошов билдирди.

Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүндөгү Аюу-Сай айылында 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашайт.

Айыл өкмөтү кырсык кантип болгонун жана жабыркагандар тууралуу төмөнкүчө баяндап берди.

"Жер таңга маал эки ирет көчүп, үйлөрдү басып калыптыр. Эки күн мурда эле айыл башчы экөөбүз кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертип кеткенбиз. Бүгүн бул жерде мындай окуя болуп кетти. Жети үйдүн жашоочуларынын ичинен бешөө ымыркай, алтоосу окуучу болуп жатат", — деди Мокошов.

Ал учурда ӨКМдин куткаруучулары казуу иштерин жүргүзүп, жакынкы айылдардын карылуу кишилери аларга жардам берип жатканын айтты.

Өзгөндүн Аюу-Сай айылына барган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, эл менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Премьер Сооронбай Жээнбеков Өзгөнгө барып, элге көңүл айтты
"Азыр ӨКМдин куткаруучулар тобу жана башка айылдарыбыздын балдары келип казуу иштерин жүргүзүшүүдө. Адистер көчкүнүн бийиктиги 4 метрден ашуун экенин айтышты. Эртең менентен бери казып жатышат. Басылып калган үйлөргө жете элек", — деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

Ал ӨКМ мониторинг жүргүзүп, баш-аягы 69 үйдө жарака кеткен деп билдирип, анын 19у коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кошумчалады.

Анын айтымында, кырсыкка кабылгандардын ичинен башка жактан жер чектелип берилип, ссуда алгандары да бар.

"Эл деген ушундай экен. Кооптуулук улам эскертилип айтылып турат. Кырсыкка кабылган үй-бүлөнүн ичинде башка жактан жер чектелип, ссуда алгандары бар. Менде "бүгүн чыгып кетебиз" деген түшүнүк каттары турат… Кооптуулукка карабай чыкпай отурган учурлар бар", — деди Мокошов.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандардын болжолдуу тизмеси
Ал арада ӨКМ Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандардын болжолдуу тизмесин таратты. Анда "атасы, энеси, чоң атасы, небереси, уулу, келини" деген сөздөр коштолгон алты үй-бүлө мүчөлөрү тизмектелген.

Президент эртең, 30-апрелди Аюу-Сайдагы кырсыкка байланыштуу Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыялады.

Ал эми мындан туптуура 34 күн мурда дал ушул Өзгөндүн Заргер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү бир үй-бүлөнү — алты кишини басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0