БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунан 8,8 миллион доллар сатып алганы банктын расмий сайтында маалымдалды.
Акыркы жолу өлкөнүн башкы банкы 2016-жылы 29-сентябрда доллар сатып алса, ушул жылдын январында валюта рыногуна 5,8 миллион доллар саткан.
Жыл башынан бери доллар 95 тыйынга арзандап, учурда 68,28 сомду түзүүдө.
Улуттук банк интервенцияны түрдүү себептерден улам валютанын курсун турукташтыруу үчүн жасайт. Былтыр ал 192 миллион доллар сатып алып, 150 миллион доллар саткан.