БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Иорданияда өтүп жаткан Араб мамлекеттеринин лигасынын саммити өзгөчө окуя менен эсте кала турган болду. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.
18 мамлекеттин жетекчилери сүрөткө түшүүгө даярданып жаткан маалда Ливандын президенти Мишель Аун килемди буту менен илип алып, чалынып жыгылды. Бирок аны кесиптештери менен жардамчылары тез эле тургузуп алышкан
Видео социалдык тармактарда өтө тездик менен жайылып кетти.
Кийин белгилүү болгондой президент эч кандай жаракат алган эмес.