БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Голливуддук түгөйлөр Брэд Питт менен Анжелина Жоли өткөн жылдын күзүндө ажырашып, өз-өзүнчө жашай баштаган. Ошондон бери биринчи ирет бала-чакасы менен чогуу эс алышканы белгилүү болду. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Билдирмеге ылайык, Питт февраль айынын орто ченинде үй-бүлөсү менен жолугу үчүн Камбоджа шаарына "жашырынып" барган. Ал жакта Жоли тасмага тартылып жүргөн. Андан соң түгөйлөр алты баласын алып саякатка чыгышкан.
Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2014-жылдын август айында баш кошушкан. Алар 2004-жылы "Мистер и миссис Смит" тасмасы тартылып жатканда табышып, ошондон бери чогуу жашап келишкен. Жубайлардын өздөрүнүн үч баласы болсо, дагы үч наристени асырап алышкан.