Европада акыркы эки жылда болгон ири терактылар

© REUTERS / Christian HartmannСерия спланированных терактов в Париже
Серия спланированных терактов в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-мартта Лондондун борборунда теракт болуп беш киши каза тапкан. Sputnik International агенттиги Европада 2015-жылдан бери болгон ири терактыларды тизмектеген.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Лондондун борборунда 22-мартта машина айдаган киши көпүрөдөн өтүп бараткан кишилерди сүзүп, парламент имаратынын алдында турган полицияны бычактаган. Аны башка полиция кызматкери атып өлтүргөн. Анын кесепетинен 40 киши жаракат алып, беш киши каза болгон

Sputnik International агенттиги 2015-жылдан бери Европада болгон ири терактыларды тизмектеп чыкты.

2017-жыл

Каза болгондордун сөөгүн жакын ресторандардан алынган кездемелер менен жаап коюшкан - Sputnik Кыргызстан
Ницца шаарында болгон теракт. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр
18-мартта Париждын түндүгүндө полиция айдоочунун документин текшерүү үчүн токтоткондо ал ок чыгарып окуя болгон жерден качып кеткен. Андан соң ал башка машинанын айдай качып Орли аэропортундагы коопсуздукту сактаган аскерлерге кол салып, куралдарын тартып алууга аракет кылган учурда атып өлтүрүлгөн. Париждин прокурору окуяны теракт деп сыпаттаган.

3-февралдын таңында Парижде колуна бычак кармаган белгисиз киши "Аллаху Акбар" деп кыйкырып, Луврдун айланасын күзөтүп жүргөн аскерлерге кол салган. Ал курсагына ок жеп ооруканага жеткирилген. Аскерлердин бирөө дагы жеңил жаракат алган. Франциянын бийлиги бул аракетте "террордук мүнөз" бар экенин жарыялаган.

2016-жыл

19-декабрда Германиянын борбору Берлинде өтүп жаткан жарманке учурунда жүк ташуучу автоунаа элди аралап кетип, 12 киши каза болгон. Андан сырткары 48 киши ооруканага жаткырылган. Немис бийлиги муну теракт катары сыпаттап, шектүү делген 24 жаштагы Анис Амри Италиянын Милан шаарында полиция менен болгон атышууда набыт кеткен.

Париждеги теракт. Франциянын борборунан кадрлар
14-июлда Франциянын Ницца шаарында жүк ташуучу автоунаа Бастилияны багындырган күндүн урматына атылчу салютту көрүү үчүн келген кишилерди коюп кеткен. Ал адамдарга көбүрөк зыян келтирүү үчүн жолдун ары-бери жагына айдай берген. Муну менен гана чектелип калбай ок да чыгарган. Кылмышкерди полиция атып өлтүргөн. Бул окуянын кесепетинен 84 киши каза болгон.

22-мартта Бельгиянын борбору Брюсселдин эл аралык аэропортунда эки ири жардыруу катталган. Үчүнчү жарылуу "Мальбек" станциясында катталган. Терактынын кесепетинен 32 киши каза болуп, 300дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

2015-жыл

13-ноябрда Парижде бир нече теракты жасалган. Бейтааныш кишилер ресторанда ок чыгарган, "Стад де Франс" стадионунун жанында үч жардыруу болгон. Бул учурда стадиондо Франция менен Германиянын курама командалары беттешип, футбол көрүүгө Франциянын президенти Франсуа Олланд да келген. Андан сырткары, "Батаклан" театрында белгисиз кишилер адамдарды барымтага алган.

Стрельба у здания британского парламента - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Лондондогу терактыдан жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун билди
9-январда Франциянын Уаза департаментинен куралчан эки киши машинаны айдай качкан. Кийин булар Сharlie Hebdo редакциясына кол салууга шектелген ага-ини Куашилер экенин аныкталган. Алар Сена жана Марна департаментинин трассасында полиция менен атышып, бир топ адамды барымтага алган. Анын кесепетинен эки киши каза болуп, тогуз киши жаракат алган.

7-8-январда Франциянын Ле-Ман шаарынын Саблон аймагындагы мечитке белгисиз бирөөлөр мечиттин короосуна төрт граната ыргыткан. Бактыга жараша, андан эч ким жаракат алган эмес.

7-январда Charlie Hebdo журналынын редакциясына белгисиз эки киши кирип келип, ал жактагыларга ок чыгарган. Кылмышкерлер изин жашырып кеткенге үлгүргөн. Анын кесепетинен 12 киши каза болуп, 20дан ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0