БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Лондондо болгон терактыдан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Беш кишинин өмүрүнө забын болгон теракты кечээ, 22-март күнү Улуу Британиянын борбор калаасы Лондон шаарында болгон. Унаа менен келе жаткан киши көпүрөдөн өтүп бара жаткан бир нече адамды коюп кетип, андан соң, парламенттин жанында турган полиция кызматкерине бычак урган. Аны экинчи полиция атып өлтүргөн. Каргашадан беш киши каза болуп, 40ка жакын адам жаракат алган.
"Алдын ала маалымат боюнча терактыдан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.