БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Улуу Британиянын борбору Лондондо жасалган терактыдан каза тапкандардын саны 5ке жетип, 40 адам жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости Скотланд-Ярддын террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Марк Роулиге таянып кабарлады.
Буга чейинки маалыматтарда эки кишинин каза тапканы кабарланган.
"Жарадар болгондордун саны кыркка жетти, арасында оор жарадар болгондор бар. Беш киши каза тапты, алардын бири полиция кызматкери. Кит Палмер аттуу кесиптешибиз да дүйнө менен кош айтышты", — деди Роули.
Бул окуя окуя кечээ, 22-мартта Лондон убактысы боюнча саат 14:40та (Бишкек убактысы менен алганда 20:40) болгон. Унаа менен келе жаткан киши көпүрөдөн өтүп бара жаткан бир нече адамды коюп, парламенттин жанында турган полиция кызматкерине бычак урган. Аны экинчи полиция атып өлтүргөн. Укук коргоо органдары окуяны теракт деп аташты.