БИШКЕК, 17-мар.—Sputnik. Борбор калаада өспүрүм оор атлетчилер арасында чемпионат өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинен билдиришти.
Споттук иш-чара 23-24-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Анда 17 жашка чейин өспүрүмдөр катышып, балдар сегиз, кыздар жети салмактык категориялар арасында ат салышат.
Өлкө биринчилигин бокс, жеңил жана оор атлетика боюнча өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби менен Оор атлетика федерациясы уюштурууда. Аны өткөрүүгө жалпысынан 72 миң сом бөлүнгөн.