БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы Россия элчилигине таандык унаанын катышуусу менен болгон жол кырсыгынын жагдайлары боюнча РФтин компетенттүү органдары иликтөө жүргүзүп жатканын орус элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы 16-февраль күнү болгон.
Ал кырсыктан микроавтобустун айдоочусу каза болгон.
Элчилик жол тандабасты Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери айдап баратканын билдирген. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИБинде кылмыш иши козголгон.
"Иликтөө аяктагандан кийин бул иш Россиянын сот инстанцияларына өткөрүлөт. Ал жерден жол кырсыгынын экинчи катышуусучунун канчалык күнөөлүү экени аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле каза болгон кыргыз жаранынын үй-бүлөсүнө компенсация төлөө маселеси чечилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Рулда элчиликтин биринчи катчысы Виктор Пухов болгон. 22-февраль күнү ал Кыргызстандан чыгып кеткен.