БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Эл өкүлдөрү аймактарды кыдырат. Бул жөнүндө парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаттары 22-23-март күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарат. Бул тууралуу тиешелүү токтом кабыл алынды.
Эске сала кетсек, Нооруз майрамына карата Кыргызстанда 18-21-март күндөрү эс алуу деп жарыяланган.