БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Аталган күндөрү өлкө аймагында аба ырайы нөлдөн жогору болгону менен маал-маалы менен өзгөрүп турарын Кыргызгидромет билдирди.
18-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө күндүз 10 градуска чейин жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 12 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө +2…+7 градуска жетсе, Нарында 5 градуска чейин суук болот.
20-мартта Ысык-Көл облусунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Чүй, Нарын облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн ачык болот.
Ал эми 21-мартта аба ырайы кескин өзгөрбөстөн ушундай эле аба ырайы сакталарын Кыргызгидромет билдирди.