БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы ГЭСтердеги жабдыктарды оңдотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, жабдыктарды оңдоо кызматы үчүн ишкана 43 миллион 549 миң 182 сом сарптоого даяр.
Тендер 9-мартта жарыяланып, мөөнөтү 30-мартта аяктайт.