Аба ырайы: жума күнү кар жаайт

Жазылуу
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Велосипед тееп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Март айына карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Бишкекте 2 градус суук болсо, Ошто 5 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0