Адилет Азимов: мени шоу-бизнестин 30 пайызы жактырбайт
Таланттуу ырчы шой-бизнестин ой-чуңкуру, сынакка баруудагы түмөн түйшүк, анан албетте, күйөрман кыздары тууралуу маек курду.
"Мен үчүн 2014-жыл бир аз ийгиликсиз жылдардан болду. "Жаңы толкун" сынагына барып үчүнчү турга чейин жеткенде өтпөй калдым. Көрсө, ал жакта башында жупуну ырларды ырдап, финалга жеткенде талантыңды көрсөтүшүң керек экен. Болбосо кыйындарды байкап туруп "ыргытып" ийишет экен. Келип "Tyrk vizion" сынагына катыштым. Ал дагы таза өткөн жок", — деди Азимов.