БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Салтанат Аширова Украинанын "Голос страны" ("Голос країни") телешоусуна катышып жатат. Бул тууралуу ырчы өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Долбоордун жетинчи сезону 22-январда башталган.
"Шоунун менин катышуумдагы чыгарылышын келе жаткан жекшемби күнү Украинанын "1+1" каналынын көрсөтөт. Кийинчерээк номерлерибиз долбоордун социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жүктөлөт", — деди Аширова.
"Голос" телешоусу башка музыкалык долбоорлордон айырмаланып турат. Ырчынын жүзүн көрбөй ырын угуу, таймашуулар, нокауттар, чейрек финал, жарым финал жана финал болуп алты этапка бөлүнөт.
Долбоорго ырчылар Тина Кароль, Сергей Бабкин, Жамала жана рэпер Потап калыстык кылат.
Россиянын дал ушул сыяктуу долбооруна былтыр катышкан Кайрат Примбердиев финалга чыгып, үчүнчү орунга илинген.