БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунун финалисттери менен Россиянынын бир нече шаарына концерттик турга чыгат. Бул тууралуу маалымат долбоордун Facebook тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.
"Бешинчи сезондун жеңүүчүсү Дарья Антонюк менен финалисттер Александр Панайотов, Сардор Милано жана Кайрат Примбердиевди долбоордун дагы бир катышуучусу Михаил Житов коштоп жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, тур 29-январда башталып, март айынын ортосуна чейин уланат. Алгач ырчылар Тверь, Томск, Новосибирск, Омск, Челябинск, Екатеринбург, Пермь, Уфа, Казань жана Нижний Новгород шаарларына барышат.
Примбердиевдин менеджери ырчы Россия шаарларын кыдырууга даярдык көрүп жатканын тастыктады.
Кыргызстандык ырчы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын Биринчи каналындагы "Голос" долбооруна катышып келген. Жыйынтыгында өнөрпоз 3-орунга татыган.