БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бразилиянын Сан-Паулу шаарында Revolution Fight Series турнирине катышып жаткан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаев биринчи раундда эле атаандашы Карлос Тойотаны нокаутка чапты.
Мелдеш 11-февралда өткөн.
Бразилиялык мушкер Карлос Тойота буга чейин RIZIN, FF, RFC жана Deep уюмдарында мушташкан.
Замирбек Сыргабаев аскер самбосу боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, ММА, бокс боюнча спорттун чебери, Евразиянын чемпиону, панкратион боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону.
2015-жылы Бишкекте өткөн мелдеште белгилүү мушкер Жефф Монсонду жеңип алган.