БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ош аэропорту аба ырайына байланыштуу убактылуу өз ишин токтотту. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Коюу тумандын айынан таң аткандан бери аэропорт рейстерди кабыл алып, жөнөтө албай жатат.
"Бишкектен уча турган эки рейс токтотулду. Иркутскиден келген учак "Манас" аэропортуна келип конду", — деп айтылат маалыматта.
Туман тарагандан кийин рейстер калыбына келтирет.