https://sputnik.kg/20170205/naryndyn-surottoru-1031607201.html
Жарым кылым мурунку Нарын. Тоо арасындагы шаардын архивдик сүрөттөрү
Жарым кылым мурунку Нарын. Тоо арасындагы шаардын архивдик сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн эң суук аймагы болгон Нарын облусунун ондогон жылдар мурдагы көрүнүшү чагылдырылган сүрөттөрдү таап чыкты. 05.02.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-02-05T11:58+0600
2017-02-05T11:58+0600
2021-12-16T14:01+0600
https://sputnik.kg/img/103160/62/1031606276_0:65:1546:935_1920x0_80_0_0_2a4f25ddc98bf8930035b09a6daef3d9.jpg
нарын
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103160/62/1031606276_107:0:1440:1000_1920x0_80_0_0_f5e8ede0c3854eeecc5e205995a9710d.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мультимедиа, коом, сүрөт, жаңылыктар, нарын
кыргызстан, мультимедиа, коом, сүрөт, жаңылыктар, нарын
Жарым кылым мурунку Нарын. Тоо арасындагы шаардын архивдик сүрөттөрү 11:58 05.02.2017 (Жаңыртылды: 14:01 16.12.2021 )
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн эң суук аймагы болгон Нарын облусунун ондогон жылдар мурдагы көрүнүшү чагылдырылган сүрөттөрдү таап чыкты.
Назарыңыздарга Нарындын 50 жыл мурунку инфраструктурасынын абалын, бүгүнкү күндө тамтыгы чыккан имараттарын ошол кездеги көрүнүшүн сунуштайбыз.
© Фото / Центральный Госархив КР Нарын тоолордун арасында, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Чок ортосунан Нарын дарыясы өтөт
Нарын тоолордун арасында, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Чок ортосунан Нарын дарыясы өтөт
© Фото / Центральный Госархив КР Борбордук аянттагы жергиликтүү администрация — облустук комитеттин имараты. Бул азыр да шаардын көзгө басар курулуштарынын бири
Борбордук аянттагы жергиликтүү администрация — облустук комитеттин имараты. Бул азыр да шаардын көзгө басар курулуштарынын бири
© Фото / Центральный Госархив КР Советтик доордогу Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы эс алуу паркындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги
Советтик доордогу Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы эс алуу паркындагы Владимир Ильич Лениндин эстелиги
© Фото / Центральный Госархив КР Ал жылдары Нарындын борбордук көчөсү менен автобус, такси жана жеке унаалар каршы-терши жүрчү. 1994-жылы гана троллейбустук линия ачылган. Баса, троллейбус калаанын бир көчөсүнө гана ылайыкташкан
Ал жылдары Нарындын борбордук көчөсү менен автобус, такси жана жеке унаалар каршы-терши жүрчү. 1994-жылы гана троллейбустук линия ачылган. Баса, троллейбус калаанын бир көчөсүнө гана ылайыкташкан
© Фото / Центральный Госархив КР Бузулуп калган шаардык унаа СССРдин башка шаарларындагыдай эле ушундай автостанцияда оңдолчу
Бузулуп калган шаардык унаа СССРдин башка шаарларындагыдай эле ушундай автостанцияда оңдолчу
© Фото / Центральный Госархив КР Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театры
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театры
© Фото / Центральный Госархив КР Театрдын репертуары, актерлордун оюну, жада калса декорациялар да элге укмуштай таасир этээр эле. Сүрөттө Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна" тарыхый-революциялык драмасынын негизинде режиссер Бообек Ибраевдин постановкасынан алынган ирмем. Сахнада республиканын эл артисттери.
Театрдын репертуары, актерлордун оюну, жада калса декорациялар да элге укмуштай таасир этээр эле. Сүрөттө Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна" тарыхый-революциялык драмасынын негизинде режиссер Бообек Ибраевдин постановкасынан алынган ирмем. Сахнада республиканын эл артисттери.
© Фото / Центральный Госархив КР Жергиликтүү тургундардын билим алуусуна да мыкты шарттар түзүлгөн. Нарын педагогикалык училище мурда Гоголь атындагы мугалимдер институту болчу
Жергиликтүү тургундардын билим алуусуна да мыкты шарттар түзүлгөн. Нарын педагогикалык училище мурда Гоголь атындагы мугалимдер институту болчу
© Фото / Центральный Госархив КР Нарын Тянь-Шандын тоолоруна саякат жасайм дегендер үчүн алгачкы баскыч эле. Андыктан ушундай мейманкана үйлөрү курулган
Нарын Тянь-Шандын тоолоруна саякат жасайм дегендер үчүн алгачкы баскыч эле. Андыктан ушундай мейманкана үйлөрү курулган
© Фото / Центральный Госархив КР Шаардын эң белгилүү "Ала-Тоо" рестораны. Азыркы абалы мышык ыйларлык...
Шаардын эң белгилүү "Ала-Тоо" рестораны. Азыркы абалы мышык ыйларлык...
© Фото / Центральный Госархив КР "Соң-Көл" кинотеатрынын имараты. 2014-жылы ага республиканын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы берилген
"Соң-Көл" кинотеатрынын имараты. 2014-жылы ага республиканын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы берилген
© Фото / Центральный Госархив КР Калаадагы белгилүү универмагдардыг бири. Баса, 60-жылдарда кире бериш жеринде "Соода кызматкерлери, калкты тейлегиле!" деген жазуу илинип турчу
Калаадагы белгилүү универмагдардыг бири. Баса, 60-жылдарда кире бериш жеринде "Соода кызматкерлери, калкты тейлегиле!" деген жазуу илинип турчу
© Фото / Центральный Госархив КР Бул сүрөттө Нарындын Москва көчөсүндө жаңы курулуп бүткөн көп батирлүү үйлөр чагылдырылган
Бул сүрөттө Нарындын Москва көчөсүндө жаңы курулуп бүткөн көп батирлүү үйлөр чагылдырылган
© Фото / Центральный Госархив КР 60-жылдардагы борбордук телеграф. Азыр бул жерде "Кыргызтелеком" ишканасы жайгашкан
60-жылдардагы борбордук телеграф. Азыр бул жерде "Кыргызтелеком" ишканасы жайгашкан
© Фото / Центральный Госархив КР Элге кызмат көрсөткөн чач тарач, сүрөтчү, тикмечи, өтүкчү иштеген имарат
Элге кызмат көрсөткөн чач тарач, сүрөтчү, тикмечи, өтүкчү иштеген имарат