Эртең өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт

Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Эртең түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Элмира Шерипова: кар көчкү түшүрүлгөн жол жабылып турат
Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жааса, Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Бишкекте түнкүсүн —2…-4 суук, күндүз 4…6 градус жылуу болот. Ал эми дыйканчылык аймактарда түнкүсүн —2…-7 суук, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0