Элмира Шерипова: кар көчкү түшүрүлгөн жол жабылып турат
Атайылап кар көчкү түшүрүлгөн жолдор жабык турганын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.
"Кар көчкүнү атып түшүрүү иштерин ӨКМдин ыкчам тобу жетектөөдө. Мындан тышкары, ИИМ, Саламаттык сактоо жана Транспорт министрликтеринин өкүлдөрү коштоп жүрөт", — деди ал.
Шерипова Бишкек — Ош унаа жолунун 222-223, 226-231-чакырымдарында көчкү түшүрүлүп жатканын, мындан улам аталган аймактагы жолдун бөлүктөрү жабык экенин кошумчалады.