БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жогорку соттун алдында сатылма сотторго каршы каршы митинг өтүп жатканын Бишкек ШИИБден кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, каршылык акциясына чыккандар "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү болуп эсептелет.
Укук коргоо органдарынан белгилешкендей, "митингдин катышуучулары сатылма сотторго каршы чыгып, аларды сот системасынан кетирүүнү талап кылышууда". Акцияга 40ка жакын адам чыккан.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери күзөттө турат.
Жогорку соттон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.