БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Шаардын жаңы шайланган мэри Албек Ибраимов маалымат жыйын өткөрүп жатып шайлоо маалында мэриянын алдындагы тарапташтарынын митингин уюштурбаганын айтып чыкты.
Шаршемби күнү шайлоо өтүп, анда Ибраимовдун талапкерлигине шаардык кеңештин 29 депутаты, атаандашы Нурдин Абдылдаевге 12 эл өкүлү добуш берген.
Шайлоо учурунда мэриянын алдында Ибраимовдун тарапташтарынын митинги өткөн. Абдылдаев бул көрүнүштү шайлоо кысым катары баалаган. Ибраимов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "Митингди мен уюштурган эмесмин", — деп жооп берди. Ал митингдин кокусунан уюшулганын айтып, буга эч ким уруксат бербегенин кошумчалады.