00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мамлекет башчы Садыр Жапаров элдин шайлоого милдеттүү катышуусун камсыздай турган мыйзам жазуу ою жаралганын айтты Ал өткөн шайлоого келген элдин саны аз болгонуна кейиди. “Аралыктан добуш берүү, электрондук добуш берүү шарттарын түзүп бердик. Бирок шайлоого келген элдин саны аз болду. Мындай шарттардан кийин келген элдин саны 70%дан ашат деген үмүтүбүз бар эле, тилекке каршы андай болгон жок. Милдеттендирүү чараларын киргизебизби же башка ыкмаларын издейбизби, айтор элдин шайлоого жигердүү катышуусун камсыздоо үчүн жаңы мыйзам керекпи деген ой жаралды”, — деди өлкө башчы парламентте. Жапаров ошондой эле онлайн добуш берүүгө эрте экенин белгиледи. Өлкө башчы мындай ойго добуш сатуу токтобой жатканынан улам келгенин билдирди.
Афганистандын борбору Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага экономика министри Бакыт Сыдыков жана Афганистандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты. Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Тараптар бул кадам Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти.
Ушул жылдын 10 айында Кыргызстан 3 миллион 300 минден ашык гүл жана гүл бүчүрлөрүн экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Россия жеткирүүнүн негизги багыты болуп, ал жакка дээрлик 3 миллион 100 мин даана гүл продукциясы жөнөтүлгөн. Калган көлөм Өзбекстанга туура келет. Белгиленгендей, азыркы экспорт республика үчүн рекорддук болуп саналат. Буга чейинки жылдары көлөм кыйла эле аз болчу.
Камчы Көлбаев менен Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу топторун каржылоого шектелген ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, ал Ош шаарында жана Ош облусунда өзүнүн таасирин күчөтүү максатында кримтөбөлдөргө ай сайын акча которуп, каржылап турган. "ишкер алардын колдоосу менен күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн. Өзүнө жакпаган адамдарды коркутуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн "кызматтарын" колдонгон", — деди атайын кызмат. Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кыргызстандык Айбийке Уланбек кызы Бразилияда өткөн парадзюдо боюнча эл аралык турниринде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти. Кабарлашкандай, спортчу 52 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.Ал Тайвань, Мексика жана Швейцариядан келген атаандаштарын жеңди.
Жаңылыктар түрмөгү
0