00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
3D принтинг өндүрүшкө көмөкчү боло алабы?
17:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Тысячи квартир по стране: итоги года и планы ГИК на 2026-й
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Чүкө – бул кыргыз үчүн жөн гана оюнчук болгон эмес. Евразия элдериндеги чүкө философиясы
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу: бүгүнкү абал жана келечек
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлерге чалып "муну-аны кызматка алып кой" дебегиле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын алгачкы жыйынын ачылышындагы кайрылуусунда билдирди. Ал мурдагы парламенттин депутаттары министрлерге өзүнүн тааныш-билишин кызматка сунушутап, кысым көрсөтүп келгенин белгиледи. "Эгер мыкты кадрларды билсеңиздер кадрлар резервине жөнөтүңүздөр. Мурдагы депутаттардын жаман адатын кайталабаңыздар", — деди президент. Жапаров эл өкүлдөрүнүн дагы бир "жаман адатын" эскертти. Анын айтымында, минкабдын отчетун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат. "Мисалы, менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчетуңа каршы добуш берем деп коркуткандар болгон. Натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон экен. Мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Анткени 1 км жол салуу үчүн алыс аралыктан канчалаган техника тартылып барып, чыгым 2-3 эсеге өсүп кеткен", — деди өлкө башчы. Ал бийлик өзү жолдорду ырааттуу сала турганын кошумчалады.
Жогорку Кеңеште беш депутаттык топ түзүлдү. Алсак: “Ата-Журтка” — 18 депутат кирди, лидери — Нурланбек Азыгалиев болду “Ала-Тоо” — 15 депутат, лидери — Жанар Акаев “Мекенчил” — 19 депутат, лидери — Кундузбек Сулайманов “Элдик” —18 депутат, лидери — Акылбек Түмөнбаев “Адилет Кыргызстан” — 14 депутат, лидери — Нурбек Сыдыгалиев. Эрулан Көкүлов, Элвира Сурабалдиева жана Болот Ибрагимов эч бир топко кирген жок.
Мындан ары өлкөгө келген чет элдик жарандар резидент-карттын негизинде иш алып барышат. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу ЖМК өкүлдөрүнө уюштурулган брифингде билдирди. Директор белгилегендей, аталган картага чет элдик жарандын өздүк маалыматтары киргизилет. Анын ичинде: Чет өлкөлүк жарандын аты-жөнү; Саламаттыгынын көрсөткүчтөрү; Айлык маянасы; Салык төлөмдөрү; Чакыруучу жана иш берүүчү тараптар жөнүндө маалыматтар болот. Ошондой эле карта банк картасынын кызматын да аткарат. “Бул резидент-карт системасы өлкөнүн жана чет элдик жарандардын коопсуздугу үчүн иштелип чыкты. Ошондой эле бул жерде бюрократияны кыскартуу, убакытты үнөмдөө максатын дагы көздөдүк. Бир тарабынан алганда өлкөгө кимдер келип иштеп жаткандыгын билишибиз керек болсо, экинчиден, ал жарандардын коопсуздугуна да көңүл бурушубуз керек”,-деди ал. Жыйындын соңунда мекеменин директору Кыргызстандын компанияларында иштеп жаткан чет элдик жарандарга аталган карталарды тапшырды.
Бүгүндөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0