https://sputnik.kg/20251218/1098671496.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Эртең мененки коюу туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аба майданы 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү. Бул туурасында алардын маалымат кызматынан... 18.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-18T11:00+0600
2025-12-18T11:00+0600
2025-12-18T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/12/1098671330_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_09b87b213f33c94ad10b88a4c0a076a4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Эртең мененки коюу туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аба майданы 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү. Бул туурасында алардын маалымат кызматынан кабарлашты."Кыргызстан аэропорттору" ишканасы алардын ичинен жети каттам Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандары Алматыга жөнөтүлгөнүн билдиришти."Саат 9дан тарта абал жакшырып, "Манас" аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер кайтууда", — деп айтылат маалыматта.**Бишкекте Биологиялык коркунучтарга каршы иш алып барган борбор ачуу – ооруларды аныктоону жакшыртып, заманбап деңгээле алып чыгат. Мындай пикирин Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтты.Академик мында кеп ооруну козгогучтарды тез жана тагыраак ынактай ала турган лабораториялар тууралуу экенин белгилеген. Аталган лаборатория оору козгогучтардын штаммдары өзгөрүп жаткан шартта өзгөчө маанилүү.Онищенко өлкөнүн түштүгүндө инфекция көбүрөөк жайыла турганын белгилеп, ал жакта абал курчураак деп сыпаттаган. Ошондой эле оорунун жайылышы күч алганда тез арада чара көрүү үчүн андагы логистиканын жеткиликсиздиги жумушту татаалдаштырарына токтолгон. Онищенко ошондуктан Бишкекке мындай борборду куруу туура багытка карай кадам деп эсептейт. Мындан тышкары, өлкөнүн түштүгүнө да ушундай лабораторияны, балким, мындан да кубаттуусун салуу зарыл деп билдирген.
Гидропоника ыкмасы менен экологиялык таза продукция өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айынан тартып Мунара Нуралиева гидропоника ыкмасын ийгиликтүү өздөштүрүп, чакан компаниясын ачкан. Ишкана учурда буудайдан өндүрүлгөн жашыл чөптү пайдаланып, витаминге бай, органикалык шире даярдоо менен алектенет. Өндүрүш процесси толугу менен экологиялык талаптарга жооп берип, химиялык кошулмалар колдонулбайт. Мындан тышкары, шире өндүрүүдөн калган калдыктар кайра иштетилип, мал чарбасында пайдалуу тоют катары берилүүдө. Бул ыкма ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарбасында туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.
АКШ президенти Дональд Трамп жыл ичиндеги ийгиликтерин тизмектеп, администрациясынын жетишкендиктерин айтып, келечек пландары менен бөлүшкөн кайрылуу жасап, анысында Украина жана Венесуэла тууралуу бир да жолу айткан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидери акыркы 11 ай ичинде анын администрациясы өлкөнүн тарыхындагы бардык мурдагы президенттерден да көп ийгиликке жеткенин белгилеген. Трамптын айтымында, ал өлкөнү АКШнын тарыхындагы эң оор абалда кабыл алган жана азыр ал кырдаалды оңдоп жатат. "Бир жыл мурда биздин өлкө кыйроонун алдында турган. Ал эми азыр биз дүйнөдөгү эң мыкты мамлекетпиз. Муну акыркы беш ай ичинде мен сүйлөшкөн ар бир лидер айтты. Кызматыма киришкенде инфляция акыркы 48 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткен. Демократтар башаламандык жаратты. Бүткүл дүйнөгө коркунучтуу абал түзүштү. Бирок эми сиздерде мыйзамды сыйлаган жана эмгекчил америкалыктар үчүн күрөшкөн президент бар", — деген ал.Ал арада журналист Такер Карлсон америкалык мыйзам чыгаруучуга шилтеме берип, Трамп бүгүн эртең менен улутка кайрылуу жасап, Венесуэла менен согуш башталганын жарыялашы мүмкүн экенин билдирген.
Эртең мененки коюу туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аба майданы 15 рейсти башка шаарларга жөнөттү. Бул туурасында алардын маалымат кызматынан кабарлашты."Кыргызстан аэропорттору" ишканасы алардын ичинен жети каттам Ысык-Көлгө, үчөө Ташкентке, калгандары Алматыга жөнөтүлгөнүн билдиришти."Саат 9дан тарта абал жакшырып, "Манас" аэропорту учактарды кабыл алып жатат. Башка шаарларга жөнөтүлгөн рейстер кайтууда", — деп айтылат маалыматта.**Бишкекте Биологиялык коркунучтарга каршы иш алып барган борбор ачуу – ооруларды аныктоону жакшыртып, заманбап деңгээле алып чыгат. Мындай пикирин Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтты.Академик мында кеп ооруну козгогучтарды тез жана тагыраак ынактай ала турган лабораториялар тууралуу экенин белгилеген. Аталган лаборатория оору козгогучтардын штаммдары өзгөрүп жаткан шартта өзгөчө маанилүү.Онищенко өлкөнүн түштүгүндө инфекция көбүрөөк жайыла турганын белгилеп, ал жакта абал курчураак деп сыпаттаган. Ошондой эле оорунун жайылышы күч алганда тез арада чара көрүү үчүн андагы логистиканын жеткиликсиздиги жумушту татаалдаштырарына токтолгон. Онищенко ошондуктан Бишкекке мындай борборду куруу туура багытка карай кадам деп эсептейт. Мындан тышкары, өлкөнүн түштүгүнө да ушундай лабораторияны, балким, мындан да кубаттуусун салуу зарыл деп билдирген.Гидропоника ыкмасы менен экологиялык таза продукция өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айынан тартып Мунара Нуралиева гидропоника ыкмасын ийгиликтүү өздөштүрүп, чакан компаниясын ачкан. Ишкана учурда буудайдан өндүрүлгөн жашыл чөптү пайдаланып, витаминге бай, органикалык шире даярдоо менен алектенет. Өндүрүш процесси толугу менен экологиялык талаптарга жооп берип, химиялык кошулмалар колдонулбайт. Мындан тышкары, шире өндүрүүдөн калган калдыктар кайра иштетилип, мал чарбасында пайдалуу тоют катары берилүүдө. Бул ыкма ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарбасында туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.АКШ президенти Дональд Трамп жыл ичиндеги ийгиликтерин тизмектеп, администрациясынын жетишкендиктерин айтып, келечек пландары менен бөлүшкөн кайрылуу жасап, анысында Украина жана Венесуэла тууралуу бир да жолу айткан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидери акыркы 11 ай ичинде анын администрациясы өлкөнүн тарыхындагы бардык мурдагы президенттерден да көп ийгиликке жеткенин белгилеген. Трамптын айтымында, ал өлкөнү АКШнын тарыхындагы эң оор абалда кабыл алган жана азыр ал кырдаалды оңдоп жатат. "Бир жыл мурда биздин өлкө кыйроонун алдында турган. Ал эми азыр биз дүйнөдөгү эң мыкты мамлекетпиз. Муну акыркы беш ай ичинде мен сүйлөшкөн ар бир лидер айтты. Кызматыма киришкенде инфляция акыркы 48 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткен. Демократтар башаламандык жаратты. Бүткүл дүйнөгө коркунучтуу абал түзүштү. Бирок эми сиздерде мыйзамды сыйлаган жана эмгекчил америкалыктар үчүн күрөшкөн президент бар", — деген ал.Ал арада журналист Такер Карлсон америкалык мыйзам чыгаруучуга шилтеме берип, Трамп бүгүн эртең менен улутка кайрылуу жасап, Венесуэла менен согуш башталганын жарыялашы мүмкүн экенин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/12/1098671330_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dd4066718dc95d8c0315bae86cd83dc6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио