https://sputnik.kg/20251218/1098666680.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн бардык аймактарында "Акылман" лицейлери ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы Ысык-Көл... 18.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-18T09:00+0600
2025-12-18T09:00+0600
2025-12-18T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/12/1098666514_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_21fb40c629dc017e5489655ce0c43e94.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн бардык аймактарында "Акылман" лицейлери ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда биринчи лицей иштеп жатканын, ал эми Талас жана Жалал-Абад облустарында башкалары курулуп жатканын билдирди. «Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында «Акылман» лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздарыбыз окуп жатышат. Буюрса, жети облуста тең «Акылман» лицейлери болот. Азыр Таласта, Жалал-Абадда «Акылман» лицейлери курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат. Ар биринде 300 балага чейин окушат», — деди Садыр Жапаров. Президент лицейлер тармагын түзүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана өлкөнүн келечектеги башкаруу жана кесипкөй кадрларын даярдоо системасын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.
Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жайдын баасы тездик менен өсүп жатат. Бул тууралуу Эл аралык куруучулар ассоциациясынын аппаратынын жетекчиси Кайнарбек Кулуев курулуш секторун өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек столдо билдирди. Анын айтымында, быйыл Бишкекте жер тамдар 35,7 пайызга, Ошто 25,8 пайызга кымбаттады. Ал эми батирлердин баасы борбор калаада 17,5 пайызга, Ошто 22,8 пайызга өскөн. "Турак жайдын баасынын өсүү темпи инфляциянын деңгээлинен төрт эсе жогору. Мында сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 9,1 пайызга кыскарган, бирок рыноктун акчалай түрдөгү жалпы көлөмү азайган жок. Баалардын өсүшү муну менен келишимдердин санынын азайышы турак жайдын жеткиликтүү эместигин жана калктын реалдуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүн билдирет", — деди Кулуев. Ал ошондой эле көп кабаттуу үй салганга жердин тартыштыгы, курулуш материалдарынын кымбатташы жана жумушчу күчтүн жетишсиздиги баалардын өсүшүнө өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, Кулуевдин айтымында, жеңилдиктер бүгүнкү күндө негизинен мамлекеттик долбоорлорго гана берилип келет. Ал ошондой эле Кыргызстанда 1443 курулуш уюму катталганын, алардын 99 пайыздан ашыгы чакан жана орто ишканаларга таандык экенин кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп 2026-жылдын 1-январынан тартып айрым мамлекеттердин жарандары үчүн АКШга кирүүгө толук тыюу салуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү чечим Ак үйдүн сайтында жарыяланды. Ага ылайык, тыюу Афганистан, Гаити, Иран, Йемен, Ливия, Сомали, Судан, Сирия, Мьянма, Конго Республикасы, ошондой эле Буркина-Фасо, Мали, Нигер, Түштүк Судан, Лаос жана Сьерра-Леоне мамлекеттеринин жарандарына карата сакталат же киргизилет. Чектөөлөр Палестин автономиясынын документтери менен кирген адамдарга да тиешелүү болот.Мындан тышкары Ангола, Нигерия, Сенегал, Танзания, Замбия, Зимбабве жана башка бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн жарым-жартылай чектөөлөр киргизилди. Ал эми Түркмөнстандын жарандары үчүн эрежелер жумшартылды. Аларга иммиграциялык эмес визалар менен кирүүгө уруксат берилди.
Өлкөнүн бардык аймактарында "Акылман" лицейлери ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда биринчи лицей иштеп жатканын, ал эми Талас жана Жалал-Абад облустарында башкалары курулуп жатканын билдирди. «Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында «Акылман» лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздарыбыз окуп жатышат. Буюрса, жети облуста тең «Акылман» лицейлери болот. Азыр Таласта, Жалал-Абадда «Акылман» лицейлери курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат. Ар биринде 300 балага чейин окушат», — деди Садыр Жапаров. Президент лицейлер тармагын түзүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана өлкөнүн келечектеги башкаруу жана кесипкөй кадрларын даярдоо системасын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жайдын баасы тездик менен өсүп жатат. Бул тууралуу Эл аралык куруучулар ассоциациясынын аппаратынын жетекчиси Кайнарбек Кулуев курулуш секторун өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек столдо билдирди. Анын айтымында, быйыл Бишкекте жер тамдар 35,7 пайызга, Ошто 25,8 пайызга кымбаттады. Ал эми батирлердин баасы борбор калаада 17,5 пайызга, Ошто 22,8 пайызга өскөн. "Турак жайдын баасынын өсүү темпи инфляциянын деңгээлинен төрт эсе жогору. Мында сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 9,1 пайызга кыскарган, бирок рыноктун акчалай түрдөгү жалпы көлөмү азайган жок. Баалардын өсүшү муну менен келишимдердин санынын азайышы турак жайдын жеткиликтүү эместигин жана калктын реалдуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүн билдирет", — деди Кулуев. Ал ошондой эле көп кабаттуу үй салганга жердин тартыштыгы, курулуш материалдарынын кымбатташы жана жумушчу күчтүн жетишсиздиги баалардын өсүшүнө өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, Кулуевдин айтымында, жеңилдиктер бүгүнкү күндө негизинен мамлекеттик долбоорлорго гана берилип келет. Ал ошондой эле Кыргызстанда 1443 курулуш уюму катталганын, алардын 99 пайыздан ашыгы чакан жана орто ишканаларга таандык экенин кошумчалады.АКШ президенти Дональд Трамп 2026-жылдын 1-январынан тартып айрым мамлекеттердин жарандары үчүн АКШга кирүүгө толук тыюу салуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү чечим Ак үйдүн сайтында жарыяланды. Ага ылайык, тыюу Афганистан, Гаити, Иран, Йемен, Ливия, Сомали, Судан, Сирия, Мьянма, Конго Республикасы, ошондой эле Буркина-Фасо, Мали, Нигер, Түштүк Судан, Лаос жана Сьерра-Леоне мамлекеттеринин жарандарына карата сакталат же киргизилет. Чектөөлөр Палестин автономиясынын документтери менен кирген адамдарга да тиешелүү болот.Мындан тышкары Ангола, Нигерия, Сенегал, Танзания, Замбия, Зимбабве жана башка бир катар өлкөлөрдүн жарандары үчүн жарым-жартылай чектөөлөр киргизилди. Ал эми Түркмөнстандын жарандары үчүн эрежелер жумшартылды. Аларга иммиграциялык эмес визалар менен кирүүгө уруксат берилди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/12/1098666514_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b7df3cec63278661f837f2968e56a86e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио