БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облусундагы лыжа базаларынын биринде 4-февралда "Кыргызстан — тоо лыжалары менен кышкы эс алуунун өлкөсү" деп аталган туристтик кайрымдуулук фестиваль өтөт. Бул туурасында Соода жана өнөр жай палатасынан кабарлашты.
Бул кезектеги алтынчы иш-чара.
"Анын негизги максаты — иш-чарадан түшкөн каражатты калктын аялуу катмарын колдоого жумшоо. Андан сырткары Кыргызстанды кышкы спорттун түрлөрүнүн, эс алуунун жана туризмдин өлкөсү катары таанытуу",— деп айтылат маалыматта.
Соода палатасынан бул фестивалда калкты сергек жашоо образына үгүттөө максаты да коюлгандыгын кошумчалашты. 4-февралда катышуучулар үчүн ар кыл конкурстар, утуштар жана таймаштар уюштурулат.