Лыжа базасын тандоодо шашпаш керек. Эгер сиз жаңыдан эле сноубордингди үйрөнүүнү кааласаңыз, анда жаңы үйрөнчүктөргө ылайыктуу трассалары бар эс алуу жайын тандаганыңыз оң. Эгер тажрыйбалуу "райдер" болсоңуз, анда тоонун бетиндеги "жапайы" аймактарда түрдүү татаалдыктагы трассаларды караштырыңыз.
Кыргызстанда 23 тоо-лыжа базасы иштейт. Ошондуктан ылайыктуу эс алуу жайын тандоо оңоюраак болот. Биздин инфографикада Ак-Таш, ЗИЛ, Каракол, Кашка-Суу, Нооруз, Орловка, Оруу-Сай, Политех, Тогуз-Булак, Төө-Ашуу, Чоң-Таш, Чуңкурчак, Ski-Татыр сыяктуу тоо-лыжа базалар тууралуу маалыматтар көргөзүлгөн.