00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ак-Талаада элди спортко шыктандырган 50 сомдук жалгыз муз аянт иштеп жатат

© Фото / Гулдана ТалантбековаЛедовый каток в селе Баетов Нарынской области
Ледовый каток в селе Баетов Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул муз аянтты түзүү үчүн жалпы 250 миң сом жумшалган. Мектеп окуучулары күндүз, ал эми чоңдор кечки саат сегизден кийин хоккей ойношот.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева билдирди. 

Анын айтымында, мектеп окуучулары күндүз, ал эми чоңдор кечки саат сегизден кийин муз аянтка келишип хоккей ойношот. 

© Фото / Гулдана ТалантбековаАк-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатат
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатат
© Фото / Гулдана ТалантбековаАянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева
Аянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева
1/2
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында мектеп окуучуларын спортко шыктандырган жалгыз муз аян иштеп жатат
2/2
Аянтчанын ээси Гүлзат Абдылдаева

"Муз аянттын акысы саатына 50 сом. Бирок мен үчүн акча табуу негизги максат эмес. Балдардын спортко болгон кызыгуусун көрүп абдан кубанам. Буга чейин райондо үч муз аянтча иштечү. Бирок анын чыгымдары көбөйүп кетип жаап салышты. Эми ушул эле аянтча калды. Балдар кезекке туруп оюн салышат. Киреше аз болсо дагы келечектеги чемпиондорго шарт түзүп берсек деген максатыбыз бар", — деди Абдылдаева. 

Караколдогу муз аянтчасы - Sputnik Кыргызстан
Караколдо 10 муз аянтчасы иштеп жатат
Ал белгилегендей, муз аянтчасын иштетүү оңой эмес. Себеби музду катыруу үчүн түнү менен суу куюп чыгууга туура келет. 

"Муз аянт жаңы жылдан кийин ачылды. Себеби күн жылуу болуп муз тоңбой жатты. Түндө он экиден кийин балам суу чача баштайт. Кыйналып жатып эки жумада тоңдуруп бүттү. Азыр калыңдыгы 35 сантиметр. Буюрса уулум экөөбүз экинчи жылы иштетип жатабыз", — деди аянтчанын ээси. 

Бул муз аянтты түзүү үчүн жалпы 250 миң сом жумшалган экен. 

"Былтыр 15 сотых жерди сатып алып дөң жерлерин түздөтүп, өрт өчүрүү кызматынын машинеси менен суу ташып, кайра тоңдурганбыз. Конькилерди сатып алганга жалпысынан 250 миң сом жумшалган. Жаңы иштеп баштаганда балдар коньки тепкенди билбей жарымынан көбүн сындырып салышкан", — деди Абдылдаева. 

Ал муздун үстү жылмакай жана тегиз болушу үчүн үч күндө бир жолу суу куюп турушарын кошумчалады.

Кыргызстандын белгилүү муз аянттарын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0