00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Яхье Машрапов: Стамбулда эмес, Кыргызстанда да түнкү клубга барып көргөн эмесмин

© Фото / Зульфия ТургуноваДело с подозрением кыргызстанца Яхья Машрапова
Дело с подозрением кыргызстанца Яхья Машрапова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болуп, 39 киши көз жумса, 69 киши түрдүү жаракаттарды алган. Түркиянын ЖМКлары бул кол салууну кыргызстандык жаран жасашы мүмкүн деген маалымат тараткан.

ОШ, 4-янв. — Sputnik. Стамбулдагы түнкү клубда ок атуу болгонун Түркиянын укук коргоо органдары суракка алганда билгенин Яхье Машрапов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

Белгилей кетсек, Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болуп, 39 киши көз жумса, 69 киши түрдүү жаракаттарды алган. Түркиянын ЖМКлары бул кол салууну кыргызстандык жаран жасашы мүмкүн деген маалымат тараткан.

Ал өз сөзүндө бул кабарды уккан анын бир туугандары тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваЯхье Машраповдун паспорту
Яхье Машраповдун паспорту - Sputnik Кыргызстан
1/4
Яхье Машраповдун паспорту
© Фото / Зульфия ТургуноваСтамбулга жана Бишкекке келип-кеткендеги каттоосу
Стамбулга жана Бишкекке келип-кеткендеги каттоосу - Sputnik Кыргызстан
2/4
Стамбулга жана Бишкекке келип-кеткендеги каттоосу
© Фото / Зульфия ТургуноваЯхье Машрапов жашаган үй
Яхье Машрапов жашаган үй - Sputnik Кыргызстан
3/4
Яхье Машрапов жашаган үй
© Фото / Зульфия ТургуноваМашраповдун апасы Санавар Машрапова
Машраповдун апасы Санавар Машрапова - Sputnik Кыргызстан
4/4
Машраповдун апасы Санавар Машрапова
1/4
Яхье Машраповдун паспорту
2/4
Стамбулга жана Бишкекке келип-кеткендеги каттоосу
3/4
Яхье Машрапов жашаган үй
4/4
Машраповдун апасы Санавар Машрапова

"Түркия мамлекети маалыматты тактап туруп анан жарыяласа жакшы болмок. Анткени бул кабар менин үй-бүлөмдү дүрбөлөңгө салды. Атам Россияда болчу. Апам болсо менин коопсуздугум үчүн тынчсызданып кабатырлануууда. Ошондуктан кандай гана маалымат болбосун такталгандан кийин гана жарыяланса туура деп ойлойм", — деди ал.

Учурда Яхье Машрапов апасы Санавар Машрапова, төрт жаштагы кызы Юсра, эки жаштагы уулу Юсуф жана жубайы менен өзү туулуп өскөн Кара-Суу шаарындагы үйүндө жашайт. 

Нападение на ночной клуб Reina в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы мекендештер: такталбаган маалыматтар абалды курчутушу мүмкүн
Анын айтымында, ал Кара-Cуу шаарында төрөлүп, №17 орто мектепти аяктаган. Андан соң Россияда мигрант болуп, 2011-жылдан баштап Түркияга каттай баштаган. Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарында кийим-кече сатат. 

"Айрым тараптар мени Түркияда үйдү ижарага алып, үй-бүлөсүн алып кетти деген маалымат таратышыптыр. Мен өзүңүз күбө болгондой эле үй-бүлөм менен Кара-Суу шаарында өз үйүмдө жашап жатам. "Туратали" базарында 2011-жылдан бери соода кылам. Түркиянан Стамбул шаарындагы "Лалели" базарынан товар алып келем. Ал жакка жума сайын барып турам", — деди Машрапов. 

Яхьенин энеси Санавар Машрапова уулу 31-декабрь күнү өз үйүндө болгондугун айтат.

"Уулум террорист болмок түгүл бейбаштык кылып, милицияга деле түшкөн эмес. Аны тааныштары, достору, туугандары баары тастыктап бере алат. Терроризмге шектелген баланын сүрөтүн укук коргоо кызматкерлери мага да көрсөтүштү. Бирок балам ага такыр окшошпойт", — деди Машрапова. 

Яхье Машраповдун чет өлкөлүк паспорту учурда УКМКнын Кара-Суу райондук башкармалыгында.

Кыргыз паспортунун беделин түшүргөн фактылар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0