Алдамчылык, теракт — кыргыз паспортунун кадырына шек келтирген фактылар

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи подделывания паспорта гражданина Кыргызской Республики
Случаи подделывания паспорта гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк жана дүйнө ЖМКлары Стамбулдагы терактыны 28 жаштагы кыргызстандык Яхье Машрапов жасашы мүмкүн деген маалыматтарды таркатты. Анын атына жазылган паспорт Түркиянын TRT World мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн. Ал эми Машрапов өзү айыптоолорду четке какты.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina клубунда куралдуу кол салуу болгон. Террорчу 700 адам эс алып жаткан клубга кирип барып, элди карай ок чыгарган. Натыйжада 39 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Түрк ЖМКлары кол салган адам болжол боюнча 28 жаштагы кыргызстандык Яхье Машрапов экенин жазып чыкты. 

Анын атына жазылган паспорт Түркиянын TRT World мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн. Документ 2016-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынан берилген. 

Ошол эле күнү Машрапов ага карата айтылган айыптоолорду четке кагып, теракт болгон күнү Кыргызстандын аймагында болгонун билдирди.

Тилекке каршы, кыргыз паспорту боюнча чыгып жаткан бул биринчи ызы-чуу эмес. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз паспортуна байланышкан окуяларды топтоону туура көрдү. 

GTA оюну

2012-2014-жылдары Москвада адам өлтүрүү фактысы арбып кеткен. Кылмыш М-4 трассасында көп катталган. Кылмышкерлер жолго "тикенек" коюп айдоочуларды токтотуп, унаасын оңдоого киришкен айдоочуларды уруп-согуп, өлтүрүп да коюшкан. 

Россиянын ЖМКлары бул топту "GTA бандасы" деп атап коюшкан. Бул ат популярдуу компьютердик оюнга таандык. Алардын маалыматы боюнча, кылмыштуу топтун курамында Борбордук Азиянын 15 жаранынын үчөөнөн кыргыз паспорту табылган. Бирок Кыргызстандын ИИМи паспорттун бардыгы жасалма экенин айтып, документ жөнөкөй картондон жасалганын билдирген

Эрдоган терактыга кыргыздарды айыптады

Дело с подозрением кыргызстанца Яхья Машрапова - Sputnik Кыргызстан
Яхье Машрапов: Стамбулда эмес, Кыргызстанда да түнкү клубга барып көргөн эмесмин
2016-жылдын 28-июнунда Стамбулдагы Ататүрк эл аралык аэропортунда үч ирет жардыруу болгон. Анын айынан 44 адам набыт кеткен. Каза болгондордун 19у чет элдик жаран экени, дагы 239 киши ар кандай жаракат алганы аныкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аэропорттогу терактыга Кыргызстан, Дагестан жана Тажикстан жарандарынын тийиштиги бар экенин жар салган.

Андан кийин Украинадан кыргыз паспорту менен учуп келген бир нече жаран кармалган. Алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин ал документтердин жасалма же жасалма эместиги тууралуу маалыматтар чыга элек. 

Кыргыз паспортун көтөргөн кытайлар

Өткөн жылдын май айында Стамбулдун аэропортунан Кытайдын 98 жараны кыргыз паспорту менен кармалган. Алардын экөө 29-июлда Кыргызстанга алып келинген. 

УКМК Кылмыш жаза кодексинин 350 (документтерди жасалмалоо) жана 204-1 (мыйзамсыз миграция уюштуруу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Жыйынтыктары азырынча белгисиз. 

Баарыңарга жетет, жасап беребиз…

Кыргыз паспорту кытайлыктар үчүн эле эмес, Россияда иштегендер арасында дагы популярдуу болгон учурлар бар. Мисалы Россияда алдамчылар кыргыз жараны катары ишке орношуу үчүн өзбек жарандарына жасалма паспорт сунушташкан. Документтин баасы беш миң рубль экени айтылганда ызы-чуу чыккан. 

Паспорт — акча табуунун жолу 

Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мелис Эржигитов: биометрикалык паспорт берүү саясатташып кетти
Кыргыз паспорту террорчулар менен жумушка орношкусу келгендер үчүн гана эмес, алдамчыларга дагы курал болгон. Мисалга Кыргызстандын аймагында салык төлөмдөрү менен кирешелерин жашыруу максатында өлгөн адамдын документин колдонгон факты катталган. Белгисиз жарандар банк аркылуу жасалма документ менен 10 миллион доллар которушкан. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (жасалма документ жасоо, алуу, колдонуу) жана 180-беренеси (мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, БУУга кирген өлкөлөр арасында түзүлгөн дүйнөлүк паспорт рейтингинде Кыргызстандын паспорту таасирдүүлүгү жагынан 193 мамлекет жана алты аймак кирген БУУнун тизмесинде 63-орунду ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0