БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Стамбулдагы эки ирет жардыруудан улам каза болгондордун саны 29 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка ылайык, ишемби күнү кечинде "Водафон Арена" стадионунун жаныда жардыруу болгон. Көп өтпөй полиция дагы бир теракт болгондугун кабарлаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жан кечти өзүн жардырган.
"Каза болгон 29 адамдын 27си полиция кызматкерлери. Ал эми жабыркагандардын саны 166га жетти", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин 15 адам каза болуп, 70 киши жабыркагандыгы айтылган.