БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Стамбулдагы теракттан каза болгондордун урматына Түркияда бир күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Haberler сайты жазып чыкты.
Премьердин координациялык борбору билдиргендей, мындай чечимди Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым жарыялаган.
"2016-жылдын 10-декабрында болгон теракттын натыйжасында оор жоготуу болгондуктан бир күндүк улуттук аза күтүү жарыялоону туура көрдүк", — деп премьер-министр билдирген.
Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде "Водафон Арена" стадионунун жанында жардыруу болгон. Көп өтпөй полиция дагы бир теракт болгондугун кабарлаган. Маалыматтар боюнча жан кечти өзүн жардырган.