БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунда жума күнү эртең менен эки ирет жер силкинип, биринчисинин күчү 4,6га жетсе, экинчисинин магнитудасы жана 4,4 болгону аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын Сейсмологиялык тажрыйбалык-методикалык экспедициясына шилтеме кылып билдирди.
Биринчи термелүү эртең мененки саат 08:53 мүнөттө Алматынын түндүк чыгышына карай 276 аралыкта катталып, күчү 4,6 га жеткени аныкталган.
Эки-үч мүнөттөн ошол эле райондо кийин кайрадан жер титирөө катталып, күчү 4,4гө жеткен.
Адистер жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгондугун кошумчалашты.