Кыргызстандын футзал боюнча чемпионатынын герби пайда болду

© Фото / пресс-служба ФФКРРазвитие футзала в Кыргызстане
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий символго Кыргызстандын желегиндеги кызыл жана сары түстөр колдонулган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча чемпионатынын герби пайда болгонун Футбол федерациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Расмий символго Кыргызстандын желегиндеги кызыл жана сары түстөр колдонулган. Катар жазылган эки "5" сандары оюн аянтына чыккан спортчулардын санын билдирип, ал футзалчыларды таймаштырган кубокко биригип кетет. 

Кыргызстандын футзал боюнча чемпионатына тогуз команда катышып жатат. Азырынча Ысык-Көл облусунун "Мурас" курама командасы топ башында келе жаткандыктан, лидерликти бербей турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0