БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоочулар "Гендердик зомбулукту жоюудагы милициянын орду" темасында үч барактан ашпаган эмгек жазуусу зарыл.
Катышуучулар эрте никеге туруу, кыз ала качуу, үй-бүлөдөгү зомбулук жаатындагы көйгөйлөрдү козгоп, чечүү жолдорун чагылдырган эмгектерин 25-декабрга чейин жөнөтүүсү керек.
Жеңүүчүлөр ноутбук, планшет жана баалуу телефондор менен сыйланат.