БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейнге каршы оюнга даярдануу максатында Манама шаарына келишти. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жолдоштук беттешүү 15-ноябрда өтөт. Бахрейндеги беттеш 2019-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо туруна даярдануу болуп саналат.
Атамекендик футболчулар Бахрейнге 9-ноябрда Филиппинде өткөн беттештен соң барышкан. Маниладагы беттеште кыргыз футболчулары 1:0 эсебинде атаандаштарынан утулуп калган.
Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 99-орунда болсо, ал эми Бахрейн 123-катарда.
Азия кубогунда кыргызстандыктардын атаандашы ким болору кийинки жылдын башында белгилүү болот.