БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун 112 кызматына кайрылышса болот. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Аталган борбордун начальниги Мухамед Сваров белгилегендей, мамлекеттик бирдиктүү диспетчердик кызмат 2014-жылдын декабрь айында ачылган.
"112 номерине гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандар чалышса болот. Бардык маалыматтар анонимдүү болот", — дейт Сваров.
Ал бардык келип түшкөн маалыматтар, арыздар Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү органдарына өткөрүлүп берилээрин кошумчалады.