БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандык самбочу Талас Бегалиев Хорватияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Самбонун эл аралык федерациясынын сайтына жарыяланды.
Пореч шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк биринчилик 21-октябрда башталып, бүгүн жыйынтыкталат.
Бегалиев 74 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. Финалдык беттешүүдө украиналык спортчуну утуп, дүйнө чемпиону аталды.
Кыргызстандык команданын курамында 9 спортчу ат салышып жатат.