БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыздар командасы (19 жашка чейинкилер) Ташкентте өткөн турнирде үчүнчү орунду ээлешти.
Эл аралык CAFA Women’s Cup U-19 турнири 15-18-сентябрь күндөрү Өзбекстандын борборунда өтүп, анда Кыргызстан, Иран, Өзбекстан жана Тажикстандын оюнчулары ат салышты.
Кыргыз оюнчулары катары менен эки беттеште утулуп, үчүнчү оюнда Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыгышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча Өзбекстан биринчи орунда алса, Иран экинчи, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан үчүнчү орунду бөлүп алышты.