Бул беттеш расмий статуска ээ болгондуктан, жыйынтыгы FIFA рейтингине таасир берет.
Бир топ курч мүнөздө өткөн беттештин биринчи таймы 0:0 эсебинде аяктаса, экинчи бөлүктө кыргызстандык оюнчу Темирлан Козубаев гол киргизип эсепти ачты. Натыйжада оюн 1:0 эсеби менен кыргызстандыктардын пайдасына чечилди.
Ал эми стадионго келген күйөрмандар оюнчуларды сүрөп, демине дем кошуп турушту.
Бул КР командасынын быйылкы жылы өз талаасында өткөргөн акыркы оюну болуп саналат.

Футболчулар оюн талаасына чыгып жатышат

Түркмөн футболчулары чабуул учурунда

Күйөрмандардын беттери Кыргызстан желегинин түсүнө боелгон

Атаандаштардын эрөөлү

Кыргызстандын дарбазачысы Валерий Кашуба топту дарбазадан алыс тээп жатат

Атаандаштардын бири-бирине берген тобу

Кыргызстандык оюнчу

Запастагы оюнчу Ислам Шамшиев

Кыргызстандык оюнчулар атаандаштын дарбазасына киргизилген голго сүйүнүп жатышат

Экинчи таймдагы беттеш

Күч сынашкан атаандаштар

Калыс оюнчулардын кер-мур айтышуусуна жол бербейт

Кашуба кезектеги кооптуу жагдайды жокко чыгарды

Түркмөн футболчусу тулку бою менен топту тосууда

Кимиси күлүк?..

Түркмөн командасынын коргоочулары өз милдетин так аткарды

Оюнчулар күйөрмандарга ыраазычылык билдирүүдө
