БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Грузия менен Арменияга барууга камданууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, иш сапар 12-14-октябрь күндөрүнө пландалууда.
"Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Грузия президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу пландары талкууланат", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчы андан соң 13-14-октябрь күндөрү Арменияда өтө турган ЖККУнун жыйынына катышат.