БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ал ооруп жатканда колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы кыргызстандыктардын колдоосу күтүүсүз келген сыркоону жеңүүгө күч-кубат бергендигин айтат.
"Жүрөгүм капыстан ооруп калып, күтүүсүз башыма түшкөн кыйын кырдаалда мага колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мындай күндөрдө айтылган ар бир жылуу сөз, айрыкча ак баталар менен чын көңүлдөн чыккан тилектештик каалоолор өзгөчө кымбат. Сиздер мага сыркоону жеңүүгө күч-кубат бердиңиздер! Мындай нерсе унутулбайт. Мен жана менин үй-бүлөм баарыңыздарга чын жүрөктөн ыраазыбыз! Жараткан сиздерге бекем ден соолук жана бакыт, ал эми Мекенибизге — тынчтык жана берекет берсин!", — деп билдирген өлкө башчы.
Атамбаев ишемби күнү, 1-октябрда Кыргызстанга кайтып келген.