БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте маршруттук таксилер текшерүүгө алына турганын Кайгуул милициясынан билдиришти.
Аталган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 26-30-сентябрь күндөрүнө белгиленген. Рейдди Бишкек шаары боюнча Кайгуул милициясы жүргүзүп, ага журналисттер да катышат.
Бул кадам акыркы учурлардагы маршруттук таксилердин жол кырсыгына кабылышы, жарандар тарабынан нааразычылыктардын көптүгүнөн улам жасалууда. Рейд учурунда унаалардын техникалык абалы, документтери текшерүүдөн өтөт.