БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нью-Йоркко бараткан КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбулда өзүн жаман сезип, жүрөк тушу ооруганын айткан. Ал ооруканага көрүнгөндөн кийин Стамбулдагы мейманканалардын биринде эс алганын Haberler сайты жазып чыкты.
Эске салсак, Кыргызстандан Нью-Йоркко бараткан учурда президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлаганынан улам делегация Стамбулга конууга аргасыз болуп, медициналык алгачкы кароо жасалган болчу.
Кыргызстандык делегацияны АКШга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп кетти.